Кыргыз-Өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 11 чет элдик жаран кармалды
RU

Кыргыз-Өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 11 чет элдик жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Бангладештин 11 жараны кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Маалым болгондой, 25-июнда Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан чет элдик 11 жаран мыйзамсыз өтүп жатканда кармалган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Бангладеш Республикасынын жарандары 8-июнда Өзбекстанга эмгектенүүгө барышкан. Бирок жумуш таппай, Кыргыз Республикасынын аймагына өтүүнү чечишкен. Бангладеш Республикасынын жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.И. да кармалды.

Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чаралар өткөрүлүп, мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Жыйынтыгында Бангладеш Республикасынын 46 жараны кармалган.

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16528