Киши колдуу болгон кримавторитет Анапияевдин бир тууганы кармалды
RU

Киши колдуу болгон кримавторитет Анапияевдин бир тууганы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алманбет Анапияевдин (Галмамат) бир тууганы кармалды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, А.Г.М. аттуу жаран А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, "ДСШ" маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берип, андан соң алдоо жолу менен 100 миң долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 2-июлда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кыргыз жараны А.Г.М кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМК жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) номерлерине кабар берүүнү өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16537