"Желек мен үчүн ыйык". Сынга кабылган балбан туунун үстүнө отурганы боюнча үн катты
RU

"Желек мен үчүн ыйык". Сынга кабылган балбан туунун үстүнө отурганы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Желектин үстүнө отурган балбан Орозобек Токтомамбетов интернетте талкууланып жаткан видеосу боюнча үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

Балбан желекти тебелебегенин баса белгиледи.

"Мен желекти дайыма жаныма алып жүрөм. Аллахка шүгүр, 23 чейинки балбандар арасында Азиянын 3 жолку чемпиону болдум. Мен желекти дүйнө жүзүнө таанытайын, желбиретейин деп талыкпай машыгып келем. Желекти тебелеген жокмун. Тизе бүгүп, таазим кылып, сажда кылып өөп коёюн дегем. Кайра туруп желекти желбиреттим. Желек мен үчүн ар дайым ыйык жана баалуу", - деди балбан.

Белгилесек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Орозобек Токтомамбетов Амман шаарында (Иордания) өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болду. Ал жеңиштен кийин мамлекеттик тууну колуна алып, андан кийин жерге жайып үстүнө отурган. Анын бул кадамы интернет желесине тарап, сын-пикир жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16525