Китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлор - бала бакчаларга альтернатив боло алат
RU

Китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлор - бала бакчаларга альтернатив боло алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору иштеп келет. Алардын саны эми эле 250гө жетти. Алдыда дагы 50 борбор ачылганы турат. Болгондо да акысыз. Ал шаар, облустарда эле эмес, айылдарда да жемиштүү иштеп жатат. ЮНИСЕФтин колдоосунун негизинде түзүлгөн балдарды өнүктүрүү борборлоруна кызыгып, балдары менен чогуу окуп жаткан ата-энелердин саны да күн сайын өсүүдө.

Балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү долбоору Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтеринин колдоосу менен биргеликте ишке ашырылууда.

Китепкана базасындагы балдар борборлору ата-энелерге эмне берет?

Дмитриевка айылдык китепканасы Дмитриевка жалпы билим берүү мекемесинин тушунда жайгашкан. Кээ бир ата-энелер чоң балдарын мектепке алып барышса, кичүү балдарын "Аяна" өнүктүрүү борборуна алып келишет. Алгач чогуу окушса, кийинчерээк бала көнүп калганда ата-эне китепканачыдан тапшырма алып, үйдө балдар менен чогуу аткарышат.

Айза Аббасова Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылынын тургуну. Ал жумасына үч жолу төрт жаштагы баласы менен аталган айылдын китепканасынын базасында түзүлгөн балдарды өнүктүрүү борборуна эки саатка келип турат.

"Менин балам төрт жашта. Бир жылдан ашык убакыттан бери балдарды өнүктүрүү борборуна баламды алып келем. Биз жеке бир маселелер менен бала бакчага бара албаганыбызга байланыштуу китепкананын базасындагы балдарды өнүктүрүү борборуна барууну туура көрдүк. Балама ал борбор абдан жагып жатат. Биздин айылыбызда балдарга арналган борборлордун ачылганы абдан жакшы болду. Анткени, ар кандай себептер менен бала бакчага бара албагандар бар. Алар бири-бири менен сүйлөшкөндү үйрөнүшөт.

Биздин айыл көп улуттуу да. Өнүктүрүү борборуна биз - түрктөр, кыргыздар, дунгандар барабыз. Жалпы көп улуттун өкүлдөрү барышат. Алар бири-бирине көнүп калышат экен. Ар ким өз тилинде сүйлөйт. Ошол эле маалда бири-биринин тилин үйрөнүп жатышат. Мына биз кыргызча сүйлөп жатабыз. Керек болсо дунган тилинде сүйлөгөн учурларыбыз болот. Балдардын сүйлөгөндөрү да кадимкидей өзгөрүп калды", - дейт ал.

Чүй облусунда китепкананын базасындагы балдарды өнүктүрүү борбору алгач Интернационал айылындагы китепканада ачылган. Каалоочулардын саны арбын болуп, көп өтпөй Дмитриевка айылынын китепканасында борбор түзүлгөн. Аталган айылдын китепканасынын эскилиги жеткенине карабай, айыл башчы кошумча бөлмө салып, жерлигиктүү бийликтин колдоосу менен ичине бардык окуу куралдары алынган.

Дмитриевка айылынын китепкана башчысы Алтынчач Осмонова "ЮНИСЕФ китепканачыларды атайын окутуудан өткөрүп, балдарга эле эмес, эми ата-энелерге да сабак берип жатабыз" дейт.

"Жергиликтүү бийликке сунуш киргиздик. Себеби, Интернационал айылында балдарды өнүктүрүү борбору кандай жакшы иштеп жатканын көрүп, бизге кайрылган жергиликтүү жашоочулардын саны көп болду. Жергиликтүү бийлик да аны көрүп, жардам берүүгө макул болду. Китепканага дагы бир бөлмө кошуп, бардык жабдыктар менен камсыздады. ЮНИСЕФтин колдоосу жана Чүй облустук китепканасынын демилгеси менен жакшы иш болду. Жергиликтүү жашоочуларга бул демилге абдан жакты деп ойлойм. Анткени, биз алгач борборду 12 бала менен ачканбыз. Кийин бири-биринен угуп, азыр каалоочулар өсүп жатат", - дейт китепканачы.

Бул убакыт аралыгында көптөгөн балдар китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлорун ийгиликтүү бүтүрүштү.

Дмитриевка айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Динара Мешова үйдөн келген балдар менен балдарды өнүктүрүү борборлорунан келген балдардын айырмасы болот дейт. Ал борбордон мектепке барган балдар башкалар менен тез тил табышып, ойлонуу, түшүнүү жөндөмдүүлүгү жакшы экени байкаларын кошумчалады.

"Эми мамлекеттик же мамлекеттик эмес бала бакча, жалпы эле мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ар кандай себептер менен бара албай жаткан балдардын саны аз эмес. Аталган мекемелерге барган да, барбаган да балдар мектепке келгенде ортодогу айырмачылык билинет экен. Борбордон келгендер айланага ачык, мугалим болобу, ким болбосун бат тил табышып, диалог куруу жеңилге турат экен. Кабыл алуу жөндөмдүүлүгү да жакшы, жаңы тема өтсөң да бат илип кетишет.

Мен башка ата-энелерге кайрылып, балдарыңыздарды өнүктүрүү борборлоруна алып барыңыздар деп кеңеш берет элем", - деди башталгыч класстын мугалими.

Кыргызстанда 900 миң бала бала бакча менен камсыз эмес

2023-жылдын апрель айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 млн 200 миң баланын 24% гана же болбосо 200 миңи бала бакчага барат. Калган 76% (900 миң бала) бала бакча менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 24-апрелде маалымат жыйында билдирген.

2023-жылдын 14-ноябрында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Бишкектеги Касым жаңы конушундагы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбай турганын айткан болчу.

Дал ушул маселени чечүү, бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок балдарды билим менен камсыз кылуу максатында ЮНИСЕФ китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлорун түзгөн. Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлеринин кол койгон меморандумунан кийин өлкө боюнча 250гө жакын китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.

"Мектептен үйрөнүп алат деген - чоң ката"

Балдарды өнүктүрүү борборлорунда иштеген китепканачылар ЮНИСЕФтин атайын окуусунан өтүшкөн. Алар балдар менен биргеликте ата-энелер менен да иш алып барышат. Интернационал айылынын китепкана жетекчиси Гүлмира Чобуева айрым ата-энелер баланы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бербей, "мектептен эле үйрөнүп алат" деп жаңылыштык кылышарын айтат. Ал баланын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү убагын текке кетирип жибербегиле деп ата-энелерге кайрылды.

"Биздин максат - үйдө отурган бөбөктөрдүн дүйнө таанымын кеңейтүү, өрчүтүү жана эң башкы максатыбыз китеп менен тааныштыруу, калем кармаганды үйрөтүү, социалдаштыруу. Биздин борбордун бала бакчадан айырмасы - бөбөктөр ата-энесинин коштоосу менен жумасына эки-үч жолудан, эки-үч сааттан келип, билим алышат. Бул жактан бөбөктөрүбүздү оюн аркылуу өрчүтөбүз. Жалаң оюн. Ата-энелердин баары эле баланы өнүктүрүүнү биле бербейт. Мектептен үйрөнүп алат деп коёт. Ошол мектепке чейинки баланын өнүгүп-өрчүүсү, кабыл алуусу кең болушу керектигин ата-энелер түшүнбөй жатат. Бала деген азыр маалыматты бат кабыл алат да. Өмүр бою жүрөгүнө, эсине сактап кала турган убакыт экен. Ошол убакты туура пайдаланалы", - деп ал ата-энелерге кайрылуу жасады.

Бул борборлордо сабактар оюн аркылуу, балдарга ылайыкталып кыргызча, орусча, англисче өткөрүлөт. Чүй облустук китепканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Алыгулова ар улуттун өкүлдөрү келип, алар бири-бири менен жакшы тил табышып жатканын белгиледи.

"Балдар бул борборлордо өздөрүн үйдөгүдөй алып жүрүшөт. Оюн аркылуу өңдөрдү жатташат, сандарды, тамгаларды үйрөнүшөт. Китеп - алардын эң жакын досуна айланды.

Үйдөн көпчүлүк ата-энелер балдарына китеп окумак тургай жомок айтып беришпейт. Бул жаңылыштык. Андыктан, биз жаңы төрөлгөн балдары бар апаларды да борборго чакырабыз. Азыр бул жакка мага 2 жаштан 6 жашка чейинкилер келишет. Бардыгы кубануу менен келишет", - дейт китепканачы.

Чүй облустук китепканасынын директору Тамила Каджиева ата-энелер тарабынан суроо-талап күч болгондуктан быйыл дагы 50 борбор ачыла турганын айтты. Ал бала бакча маслелеси өлкөдө курч болуп турганда китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлору - бала бакча маселесин чече турган эң жеткиликтүү, туруктуу жана эң башкысы акысыз чечим деп билет.

"Биз үчүн абдан чоң тажрыйба болду. Алгач китепкана кызматкерлери бул ишти алып кете алабызбы деп аябай сарсанаа болгонбуз. Себеби, ал өзгөчө жөндөмдөрдү талап кылгандыктан эмес, биздин кичинекей окурмандарыбызга өзгөчө аярлуу мамиле талап кылынгандыктан болчу. Балким, 1 же 2-3 жаштагы бала келиши мүмкүн да. Бул - өзгөчө мамилени, көңүлдү, даярдыкты талап кылган адамдардын кичинекей аудиториясы. Бирок белгилүу бир убакыт өткөндөн кийин биз - китепкана кызматкерлери бул жолду өздөштүрдүк. Мен - биз бул ишти жасай алдык деп айта алам.

Балким, мен бардык кесиптештеримдин атынан сүйлөп жаткандырмын. Менин жообум канаттандырарлык болот деп ойлойм. Анткени менин кесиптештерим бул аудитория менен таанышкан. Алар ар бири менен өзүнчө окуп, иштешкен. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша атайын оюндарды тандашат. ЮНИСЕФ, Билим берүү министрлиги жана Маданият министрлиги 2019-жылы чечимди китепкананын пайдасына чечкенине абдан кубанычтабыз.", - дейт ал.

"Миңден ашык китепкана болсо, миңден ашык балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүүгө болот"

Өлкө аймагында республикалык маанидеги эки, облустук 11, райондук 39, шаардык 86, айылдык 883 китепкана бар. Балдар китепканалары 35ти түзөт.

Китепкананын саны боюнча облустардын ичинен Чүй облусу (210 китепкана) алдыда, Талас облусу (74 китепкана) акыркы сапта турат. Баткенде Таласка салыштырмалуу калктын саны эки эсеге көп болгону менен китепканалар аз, болгону 80 китепкана бар. Эгер калктын санына жараша алсак, анда Нарында китепкана көп, бул 300 миңге чукул калкы бар тоолуу аймакта 128 китепкана бар. Ош облусунда жашаган калкты 182 айылдык китепкана тейлейт.

Санариптештирүү - күндүн талабы болгону менен ошол эле сматфондордун кесепети балдарга терс таасирин тийгизип жатканын адистер байма-бай атып келишет. Турмуш-тиричиликтин айынан ата-эне балага телефон кармата салып, анын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө көңүл буруу маалын өткөрүп жиберишүүдө. Мындай шартта китепканалардын базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлору - ата-эне менен баланы гана жакындатпастан, кызматкерлер ата-эненин түйшүгүн жеңилдетип жатканын айткан китепканачылар, Кыргызстанда миңден ашуун коомдук китепканалар бар экенин белгилеп, демек, миңден ашуун балдарды өнүктүрүү борборлорун түзсө болот дешет.

"Жалпысынан ата-эне да аны менен бирге бала да өсүп жатат. Тагыраагы, биздин китепкана институтубуздун балдары бар үй-бүлө, алардын тарбиясына аралашканыбыздын өзү маанилүү болсо керек. Бул китепкана кызматкеринин эң маанилүү көз карашы. Себеби, мектеп, бала бакча жана биз - китепканачылар болуп бардыгыбыз келечек муунду тарбиялоону колго алгандарданбыз. Туура багытта тарбиялап, эң жакшы, эң мыкты тажрыйбалар менен чоң бир ишти жасап жатабыз", - деп кошумчалады Тамила Кажиева.

Анын айтымында, китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлору бала бакчаларга альтернатив боло алат. Анткени алар эркин, ачык жана жеткиликтүү. Борбор бекер жана бардыгына ыңгайлашкан. Балдарын бул борборлорго жиберем деген ата-эне акча төлөбөй, жылдап кезек күтпөйт. Бир аймактан экинчи аймакка убактылуу көчүп келген балдар да борборлорго каалаган убакта бара алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16449