Кара-Кулжада сел алып кеткен унаадагылар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Жаңы жагдайлар
RU

Кара-Кулжада сел алып кеткен унаадагылар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Жаңы жагдайлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 30-июнда сел жүрүп, унааны агызып кеткен. Унаанын ичиндеги 3 адам каза болуп, бир адам куткарылып, дагы бирөө изделип жатканын ӨКМдан маалымдашкан.

Сел суусу агызып кеткен жарандар боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кошумча маалымат беришти.

30-июнда саат 22:25 чамасында Кара-Кулжа РИИБине Жетим-Дѳбѳ айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, унааны агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБдин жетекчилиги, тергөө ыкчам тобу, өздүк курам жана кошумча күчтөр чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Daewoo Matiz унаасын башкарып бараткан Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну А.Р. экени, жанында жубайы 1990-жылы туулган Ж. кызы А., уулдары 2012-жылы туулган Р. уулу Р., 2020-жылы туулган Р. уулу Н. жана 2016-жылы туулган Р. кызы А`ны сел агызып кеткендиги такталган.

Куткаруучулар менен биргеликте жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында унаадагы 3 адамдын жансыз денеси табылып, жакын туугандарынын өткөрүлүп берилди.

Ал эми аман калган 8 жаштагы Р. кызы А. Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда жеринде Кара-Кулжа РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Күзөт кызматы, жергиликтүү тургундар, ардагерлер жана кошумча күчтөр дайынсыз болуп жаткан Р. уулу Н`ны издеп табуу, селдин кесепетинен жабыр тарткан жагдайларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Облустук башкармалыктан белгилешкендей, каза болгон 36 жаштагы А.Р. ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16507