Кара-Кулжада сел алып кеткен унаадагы төртүнчү адамдын сөөгү табылды
RU

Кара-Кулжада сел алып кеткен унаадагы төртүнчү адамдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 30-июнда сел жүрүп, 3 адам каза болду. Дагы бир жаран изделип жатканын ӨКМдан кабарлашты.

Такталгандай, кечээ, 30-июнда саат 22:15 чамасында Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, Daewoo Matiz унаасын агызып кеткен. Унаанын ичинде 5 жаран болгон. Алардын бирин жергиликтүү жашоочулар куткарып, калгандарын сел алып кеткен.

Куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөөсү изделүүдө.

Сел жүргөн аймакка ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам тартылып, кечээтен бери издөө иштерин улантууда.

Кийинчерээк, унаадагы дагы бир адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМдан кошумчалашты.

Ал эми Ош ОИИБден унаадагылар бир үй-бүлө мүчөлөрү экенин, рулду башкарып бараткан жаран ИИМдин Күзөт кызматында иштеп келгенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16505