Ноокаттагы селден казакстандык 4 бала каза болгону айтылды
RU

Ноокаттагы селден казакстандык 4 бала каза болгону айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокаттагы селдин кесепетинен Казакстандын 4 жараны каза болду. Мындай маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам штабына шилтеме берүү менен жазды.

Андагы маалыматка караганда, селден кийин дайынсыз болуп жаткан казакстандык дагы 2 баланын сөөгү 30-июнда табылган.

Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен документтер ыкчам түрдө түзүлүп, керектүү процедуралар жүргүзүлүүдө.

"Казак дипломаттары каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүүдө. Жакынкы арада каза болгон 4 баланын сөөгү Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мекенине жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 28-июнь күнү Кыргызстанда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, кыйроолорго жана жоготууларга алып келген. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, кесепеттерди жоюу жана дайынсыз болгондорду издөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө селден улам каза болгондордун саны 9га жетти.

Селдин кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолду сел алып кетип, суунун аркы бетинде кеминде 1300 адам өтө албай калганы кабарлаган. Куткаруучулар жана милиция кызматкерлери бардык жарандарды коопсуз жайга алып чыгышкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Казакстандын жашы жете элек жарандары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16502