Ноокатта селден каза болгондордун саны 7ге жетти. Алардын аты-жөнү, жашы такталды
RU

Ноокатта селден каза болгондордун саны 7ге жетти. Алардын аты-жөнү, жашы такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокаттагы селдин кесепетинен каза болгодордун саны 7ге жетти. Маалыматты редакцияга Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан дагы 1 жарандардын жансыз денеси табылды. Муну менен жалпы 7 жарандын жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылды. Каза болгондордун аты-жөнү такталды. Алар:

  • 2005-жылы туулган К.Б.
  • 2008-жылы туулган М.Б.
  • 2012-жылы туулган Ж.А.
  • 2013-жылы туулган М.кызы И.
  • 2016-жылы туулган М. уулу И.
  • 2013-жылы туулган К.Б.
  • 1976-жылы туулган Ж.А.

Белгилей кетсек, 29-июнда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы түнкү саат 03:00 чамасында түп көтөрүлүп, Ноокат районунун сел аккан аймагына жөнөп кетишкен. Таңкы саат 06:00 чамасында окуя болгон жерге жетип барышып, сууга агып кеткендери издөө иштерин баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16492