Ноокатта сел алып кеткен эки баланын жансыз денеси табылды
RU

Ноокатта сел алып кеткен эки баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокат районунда сел алып кеткен эки баланын сөөгү табылды. ӨКМдан билдиришкендей, Абшыр-Ата айылында сел суусуна агып кеткен 2 эркек баланын (туулган жылы жана аты жөнү такталууда) сөөгүн куткаруучулар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүштү.

"Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча кечээ 6 адам агып кеткен. 28-июнда 4, бүгүн 2 баланын сөөгү табылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө", - дешет мекемеден.

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктады. Башкармалыктан билдиришкендей, издөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин 4 жарандын жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылган. Алар - Ноокат районунун 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б. жана С.кызы А., жана М.кызы А. (туулган жылдары тактала элек) экендиги аныкталган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы селден 5 адам каза болуп, дагы экөө дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ведомствонун маалыматы боюнча, 28-июнда кечке жуук сөөрүдө отурган 7 адамды сел суулары агызып кеткен. Каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар. Алардын бири 2005-жылы туулган К.Б., дагы бири 2008-жылы туулган М.Б. болгон. Калгандарынын аты-жөнү такталып жатканы кабарланган.

Бейрасмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны он кишиге жеткен, азырынча мекеме каза болгондор тууралуу маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Белгилесек, 28-июнда нөшөрлүү жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде Ноокатта катуу сел жүрүп кыйроолорго, жоготууларга алып келди.

Селдин кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолду сел алып кетип, суунун аркы бетинде кеминде 1300 адам өтө албай калганы кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16489