Садыр Жапаров селден жабыркагандарга мамлекеттен жардам көрсөтүлөрүн айтты
RU

Садыр Жапаров селден жабыркагандарга мамлекеттен жардам көрсөтүлөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында селдин жүрүшүнөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын көңүл айтуусун президентттин администрациясы жарыялады.

"Урматтуу мекендештер! Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм.

Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык.

Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды.

Белгилеп кетчү жагдай, тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшашты. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда.

Учурдан пайдаланып, четте карап турбай, куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылып, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарыбызга да ыраазычылык билдирем. Бул дагы болсо улутубуздун ынтымагынын бекемдигин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президент селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөрүн убадалады. "Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Белгилесек, 28-июнда нөшөрлүү жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде Ноокатта катуу сел жүрүп кыйроолорго, жоготууларга алып келди. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, кесепеттерди жоюу иштери башталды.

Селдин кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолду сел алып кетип, суунун аркы бетинде кеминде 1300 адам өтө албай калганы кабарлаган. 29-июнда бардык жарандар коопсуз жайга чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16491