Абшыр-Атада дагы бир баланын сөөгү табылды
RU

Абшыр-Атада дагы бир баланын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы (Үч-Терек конушу) Абшыр-Ата сайынан бүгүн, 1-июлда дагы бир баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, селден кийинки издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан саат 15:50дө жаш баланын сөөгү табылды. Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда баланын аты-жөнүн тактоо иши жүрүүдө.

Ноокат районунда селдин кесепетинен жалпы 10 адам каза болду.

Аталган сайдагы издөө иштерине 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16512