Булак: Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалды
RU

Булак: Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун болочок күйөө баласы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Kaktus.media редакциясына бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Азырынча расмий тастыктала элек маалымат боюнча, 5-июлда милиция кызматкерлери маңзат тараткан жана жасаган деген шек менен Лазат Нуркожоеванын болочок жолдошу Афтандил Сабырбековду кармаган.

Шектүү Афтандил Сабырбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө ишин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзөт.

9-июлда Биринчи Май райондук соту шектүүнү камакка алууга санкция бергени кабарланды. Ошондой эле бул иш боюнча бир нече адам шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 24-июнь күнү кечинде президент 23 жаштагы Лазат Нуркожаеванын колун жигити Афтандил Сабырбеков тик учак менен келип сураган.

Видео жана сүрөттөрдү кыз өзү социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар ашкере шаан-шөкөт жана ысырапкорчулук дешкен. Окуя боюнча президент да комментарий берип, карындашы үчүн элден кечирим сураган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы акыркы окуя боюнча маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16602