8 жашар кыздын жынысына колун салган. Гинеколог зордуктоо аракетин тастыктады
RU

8 жашар кыздын жынысына колун салган. Гинеколог зордуктоо аракетин тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет болгонун гинеколог тастыктады. Бул тууралуу кыздын апасы Kaktus.media сайтына билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Сокулук районунун тургуну кызына кошунасы ыдык көргөздү деп милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, кошунасы 12-апрелде алдоо жолу менен анын 2015-жылы туулган кызы Т.Н`ны үйүнө алып барып, ага карата адепсиз аракеттерди жасаган.

"Кошунасы аны гараждардын артына чакырып, бир нерсе көрсөтөм деп алдап алып барган. Ал жерден ага көп акча убада кылып, андан соң бир нече мүнөткө эрининен өпкөн. Кыз эмне кыларын да билбей туруп калганын айтты. Алгач шектүү шымын чечип, кызга жыныс мүчөсүн кармоону талап кылган. Ошол маалда кызым ыйлап жиберген. Ал инисин чакырам деп чыгып кеткенин, чоң атасы урушарын айтып, аны коё берүүсүн суранган. Бирок кызымды ал кетирбей кармап, кайра гараждын артына алып барып, шымын чечкен. Мен ал дагы бир нерсе кылдыбы деп сурадым. Кызым тиги киши жыныс мүчөсүнө колун салганын, ооруганынан заара чыгарып ийгенин айткан", - дейт аял.

Сот процессинин жүрүшүндө кыздын жынысына киши жыныс мүчөсүн салганы белгилүү болду. Бул маалыматты жабырлануучуну текшерген гинеколог тастыктады.

"Кызым мага эркек киши манжасын жынысынын ичине киргизгенин айткан. Бирок кийинчерек ал тергөөчүгө шектүү ага жыныс мүчөсүн киргизгенин айтыптыр. Соттук-медициналык экспертиза бизге анын кыздыгы жабырланбаганын айткан. Бирок кызымдын ичи ооруп, жынысынан жагымсыз жыт чыгып жатканынан жеке гинекологго барганыбызда гинеколог кыздын кынынын кеңейгендигин айтты. Жеке гинеколог эркектин жыныстык органы кириши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт", - дейт кыздын апасы.

Аялдын айтымында, сотто мамлекеттик эксперт кыздын кынынын кеңейгенин танган эмес.

"Соттук-медициналык эксперт кыздын кынынын кеңейген болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок менин кызым тергөөдө айткан сөзүн тастыктады. Шектүү жынысын киргизгенин ырастады", - деди кыздын апасы.

Соттук териштирүүлөрдөн кийин кыз эсин жоготкон. Буга чейин жабырлануучунун апасы соттон кызын суракка албоону суранган, бирок судья суракка алууну талап кылган.

"Соттон кийин кызымдын абалы начарлап, андан кийин исиркектер чыкты, ооруканага барсак стресске байланыштуу экенин айтышты. Ал азыр дарыланып жатат", - деп түшүндүрдү окуучунун апасы.

Жабырлануучу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын да айтып өттү. "Четте карап турбаган бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдирем, азыр биздин жактоочу "Ыплас иштер" беренесин "Зордуктоо аракети" деген беренеге алмаштырып, кайра карап чыгуу боюнча арыз берди", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16660