Жалал-Абадда суусундук саткан жайдагы жарылуу. Окуя боюнча 3 адам кармалды
RU

Жалал-Абадда суусундук саткан жайдагы жарылуу. Окуя боюнча 3 адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында суусундук саткан күркөдө газ баллон жарылып, кырсыктан 1 кыз каза тапкан. Аталган окуяга байланыштуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери кармалды. УКМКдан билдиришкендей, алар күркөнү мыйзамсыз орнотууга шектелүүдө.

Белгилесек, 13-июлда газдалган суу сатуучу жайда газ баллон жарылып, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Коопсуздук комитети тарабынан Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок бергени аныкталган. Анын алкагында коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы фактынын негизинде мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору, ошондой эле павильондун ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16666