Камчыбек Ташиев Оштогу сел алган аймактарды тик учак менен көрүп чыкты
RU

Камчыбек Ташиев Оштогу сел алган аймактарды тик учак менен көрүп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-июлда Ош облусундагы жана Ош шаарындагы сел жүргөн аймактардагы абалды тик учак менен көрүп чыкты.

УКМК башчысынын аймактарды көрүп, эл менен жолугушкан сүрөт, видеолорун "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ош шаарынын мэрине жана тийиштүү жетекчилерге жеринен ыкчам тапшырмалар берилүүдө.

Белгилесек, 14-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ош шаарында сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы жээктен ашып кеткен. Ошол эле күнү Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ош облусунун дагы бир нече калктуу конуштары жабыркап, кырсыктан беш адам каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16708