УКМК Кара-Суу районунун акими эмнеге кармалганын маалымдады
RU

УКМК Кара-Суу районунун акими эмнеге кармалганын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Комитеттин билдирүүсүнө караганда, Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши козголгон.

"Участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими А.Т.А`нын (Темирболот Абыкеев) катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аким коргогондугу жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган чиновник УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакыртылып, жыйынтыгында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандалган дешет комитеттен.

Белгилесек, Темирболот Абыкеевдин суракка чакыртылып, кармалганы 22-июлда эле өздүк булактар тарабынан белгилүү болгон. Бирок УКМК расмий маалымат берген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16786