Таласта сот аткаруучу пара менен кармалды
RU

Таласта сот аткаруучу пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ тарабынан Талас облусунун соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалды. Ал 15 миң сом акча талап кылганга шектелди.

Министрликтен билдиришкендей, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Р.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, сот аткаруучу кылмыш жообуна тартам деп коркутуп акча талап кылганын айткан. Ошондой эле алимент боюнча карызды азайтып берүүнү убадалап бир нече жолу акча алганын билдирген.

Факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 342-берене (пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

22-июлда тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө иш бөлмөсүндө 15 миң сом акча алып жаткан учурда Айтматов райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу, 1990-жылы туулган М.Б. кармалды.

Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16790