Чыныбай Турсунбековдун кызы СИЗОдон бошотулду
RU

Чыныбай Турсунбековдун кызы СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыныбай Турсунбековдун кызы УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus редакциясына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 26-июлда Айдай Турсунбекованы эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Камакка алуу түрүндөгү мурда тандалган баш коргоо чарасы эч жакка кетпөөгө өзгөртүлдү.

Белгилесек, 19-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын ээси Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай 1 айга камакка алынганы, ал эми ымыркайы бар Бегимай 24-августка чейин үй камагында экени маалым болгон.

Кийинчереэк бул маалыматты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тастыктаган. Ал Турсунбековдун кыздарынын камалышы Бишкектеги жер тилкесин менчиктештирүү, ошондой эле "Акылинвестбанкты" (азыркы Капитал Банк) сатып алууга байланыштуу экенин билдирген.

25-июлда Турсунбековдорго таандык "Капитал банк" толугу менен мамлекеттин менчигине өткөнү белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16793