УКМК Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутатын кармады
RU

УКМК Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутатын кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты кармалды. Маалыматка караганда, алар кафенин мурдагы ээсинен пара талап кылышкан.

Коопсуздук комитеттен билидришкендей, шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н. (шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп туруп) шаардык кеңештин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине 2024-жылга карата "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Жергиликтүү депутат К.Б.Н. коомдук талкууга социалдык-тиричилик жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жасалма тоскоолдук жаратып, ошону менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткан", - дешет УКМКдан.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16832