Бишкекте курулуп жаткан элиталык үйдөгү 300дөн ашык батир мамлекетке өттү. Сүрөт
RU

Бишкекте курулуп жаткан элиталык үйдөгү 300дөн ашык батир мамлекетке өттү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинен 300дөн ашык батир мамлекетке өттү. УКМКдан маалымдашкандай, батирлердин жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзөт.

Кабарлангандай, коопсуздук комитетинин дарегине эки жаран арыз менен кайрылган. Алар 2007-жылы Б.С. аттуу жаран менен биргеликте жер тилкесин сатып алышканын, келишимге ылайык, жер тилкесин Б.С`нын атына каттатып, бирдей үлүшкө ээ болушканын айтышкан.

"Бирок Б.С. жеке кызыкчылыгын канааттандыруу жана максималдуу пайда алуу максатында башка үлүш ээлери менен макулдашпастан бардык жер участогун курулуш компанияга сатып жибергенин билдиришкен. Компания менен Б.С. биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзүп, Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 миң чарчы метр турак жай алууну көздөгөн.

Арыздын негизинде жер тилкесинин үч тең ээсинин катышуусу менен тергөө иштери жүргүзүлүп, Б.С. жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 миң чарчы метрди берди. Арызданган эки адам 3 миң чарчы метрди алып калып, калган 15 миң чарчы метрди өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришти", - дешет комитеттен.

УКМКдан кошумчалашкандай, 15 миң чарчы метр турак жай аянты 300дөн ашык батирди түзөт, баасы 15 млн долларга бааланат. Бул турак жай аянттарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда.

Турак жай комплексинин курулушу башталган, үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16838