УКМК Suzie Wong түнкү клубунан баңгизат тапты
RU

УКМК Suzie Wong түнкү клубунан баңгизат тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Чолпон-Атадагы Suzie Wong түнкү клубунда текшерүү иштерин жүргүзүп, маңзат табылганын кабарлды. Маалым болгондой, текшерүү иштери 4-августта жүргүзүлгөн.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан Suzie Wong түнкү клубунда 4 даана гашиш алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.

Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облус аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16881