Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Олимп оюндарында коло медалдын ээси болду (сүрөттөр)
RU

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Олимп оюндарында коло медалдын ээси болду (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын грек-рим курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Париждеги Олимпиада оюндарынын коло медалына ээ болду.

Кыргыз балбаны 1/8 финалдык беттеште казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде уткан. 1/4 финалдык беттеште румыниялык Разван Арнаутты 9:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков Кэнитиро Фумита менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калган.

6-августта Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ирандык Мехди Мохсеннежадты 3:1 эсебинде утуп 3-орунду ээледи.

Муну менен ал Кыргызстан үчүн Олимп оюндарындагы алгачкы медалды камсыздады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16889