Баракелде! Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду
RU

Баракелде! Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси болду.

Балбан 68 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдан баштап моңголиялык Энсайхан Делгермааны 8:3 эсебинде женип 1/4 финалга чыккан.

Чейрек финалдык беттеште япониялык Ноноки Одзакини 8:6 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен женип финалга чыккан.

7-августка караган түнү алтын медаль үчүн беттеште америкалык Амит Элордон 3:0 эсебинде женилип, экинчи оорунга ээ болду.

Белгилесек, учурда өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасына алгачкы медалды Жоламан Шаршенбеков алып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16890