Талас, Нарын, Караколго сентябрдын аягында аба каттамдар ачылат
RU

Талас, Нарын, Караколго сентябрдын аягында аба каттамдар ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта Талас, Нарын жана Каракол багыты боюнча жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, билеттин баасы жеке компанияларга караганда арзан болуп, авиакомпанияларга атаандаштык жаралат.

"Манас" аэропортунун маалыматы боюнча, авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн 3 тарифти сунуштайт, ага ылайык, жүргүнчүлөр жүгүнө жараша билет сатып ала алышат", - деп жазды Орунбеков.

Белгилесек, буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун директору Манасбек Самидинов маалымат жыйында сентябрь айынын аягынан тарта "Манас" аэропорту сатып алган жаңы учактар ички каттамдарга чыгарын айткан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16987