Үрөй учурган сүрөттөр. Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыкты
RU

Үрөй учурган сүрөттөр. Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жер тамда жашаган аялдын үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында жеке үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.

Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында №18 МАБнын аймагына комиссиялык чыгуу уюштурулду.

Ага Свердлов районунун акимиатынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын, Муниципалдык инспекциянын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана №18 МАБнын өкүлдөрү катышты.

"Жыйынтыгында шаардык кызматтар тарабынан Суворов көчөсүндөгү №77 жеке үйдүн аймагынан 40 тоннага жакын тиричилик таштандылары чыгарылды.

Үй ээси менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17043