Майыптыгы бар кыздын зордукталышы. Апасы окуя тууралуу айтып берди. Видео
RU

Майыптыгы бар кыздын зордукталышы. Апасы окуя тууралуу айтып берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 26 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоо фактысы катталды. Кыз 29-июлда Түптөн Караколдогу тууганыныкына бармакчы болгондо дайынсыз жоголгон. Жабырлануучунун апасы окуянын чоо-жайын Kaktus.media сайтына айтып берди.

Кыздын уурдалышы

Кыздын апасынын айтымында, аны эки адам уурдап кеткен. Алгач кызды кичи автобуска салып, кийин Каракол базарынын аймагынан күч менен унаага салып, Каркыра жайлоосуна алып кетишкен.

"Кызымды уурдагандан кийин телефонун тартып алып, сууга салып жиберишкен, биз дароо милицияга кайрылдык, өзүбүз да издей баштадык.

Укук коргоо органдары эч кандай чара көргөн жок.

Кызыбыздын сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялаганбыз, аны бирөө таанып калыптыр. Ошонун жардамы менен менен шектүүлөрдүн изине түштүк", - деди кыздын апасы.

Кыз табылганда аны системалуу түрдө зордуктап, сабап, тамак жасатып, мал кайтарууга мажбурлашканын айткан.

"Кызым сүйлөй албайт, угуусу да начар. Сөөктүн деформациясы бар. Ал 13 жаштагыдай көрүнөт, бирок чындыгында 26 жашта.

Кызым зордукчулдар менен сарайда жашаптыр.

Аны коркунучтуу шарттарда кармашкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал маал-маалы менен зордукталганы белгилүү болду", - дейт жабырлануучунун апасы.

Шектүүлөрдүн бири президент менен байланышы бар экенин айткан

Шектүүлөрдүн бири, бастырманын ээси президент Садыр Жапаров менен байланышы бар экенин айтып, жабырлануучуларды коркуткан.

"Ал соттук-медициналык экспертизадан өткөндө, эч кандай чара көрүлбөй турганын айткан. Мал сарайдын ээси азырынча жоопко тартыла элек, бирок кызымдын айтымында, ал дагы зомбулукка катышкан", - дейт жабырлануучунун апасы.

Кыздын жакындары укук коргоо кызматкерлеринин сарайдын ээси менен байланышы бар деп шектенүүдө.

"Бизде күбөлөр бар, бирок азыр көбү ар кандай көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Сарайдын ээси аларга пара берүүгө аракет кылып жатат деп шектенип жатабыз", - дешти жакындары.

Милиция эмне дейт?

Бул факты Түп районунун ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н. 48 саатка камакка алынган.

Экинчи шектүү Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган Б.Н. аттуу тургуну экени таңталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалымдама

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) 2024-жылдын март айында дүйнө жүзү боюнча майыптыгы бар аялдар зордук-зомбулукка кабылуу коркунучу жогору экенин көрсөткөн саясаттын кыскача баяндамасын жарыялаган. Бирок мындай иштердин олуттуу бөлүгү дүйнөлүк жана улуттук маалыматтарда категорияларга бөлүнбөйт. Уюм өлкөлөрдү мындай аялдардын абалын эске алууга, ошондой эле алардын спецификалык муктаждыктарын изилдөөгө жана чечүүгө жардам берген маалыматтуу изилдөө ыкмаларын ишке ашырууга үндөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16865