2026-жылы Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
RU

2026-жылы Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов видеокайрылуусунда айтты.

Министр Кыргызстандын спортчулары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын билдирип, жакшы кабары менен бөлүштү.

"Сиздерге жакшы жаңылыгыбыз бар. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинкиде 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүлмөй болду", - деди министр.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары үч ирет Ысык-Көл облусунда, төртүнчү оюндар Түркияда өтүп, бешинчи оюндарды уюштуруу Казакстанга жүктөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17272