Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучусуна президент унаа белек кылды
RU

Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучусуна президент унаа белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугушуп, ага унаа тартуулады. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда президенттин администрациясы кабарлады.

Белгиленгендей, өлкө башчы унааны Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык иретинде белек кылды.

"Биздин ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр унааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууда - бул деген өзгөчө кызматы үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү", - деди.

Садыр Жапаров Акмаль Хасанов менен болгон жолугушууда анын аракетин Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.

"Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун", - деген президент.

Өз кезегинде Акмаль Хасанов жылуу сөздөрү үчүн президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.

Ошондой эле Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды татыктуу жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын спортчулары кийинки Олим оюндарында алтын медаль утуп алышын каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17295