Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык үйлөр салынат
RU

Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык үйлөр салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.

Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет.

Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт.

"Тийиштүү чечимди Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.

Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17058