Кызыл-Омполдо титаномагнетит кенин иштетүүгө мезгил кутусу салынды
RU

Кызыл-Омполдо титаномагнетит кенин иштетүүгө мезгил кутусу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнө старт берген мезгил кутусу салынды. Ага Акылбек Жапаров катышканын Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи.

"Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титаномагнетит бар. Титан - медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет", - деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17471