Бишкектин престиждүү аймагындагы жерлер мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды
RU

Бишкектин престиждүү аймагындагы жерлер мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 га болгон 5 муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Мамкомитеттин маалыматына караганда, жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалоо жолу менен айрым жогорку кызматтагы адамдар тарабынан уюштурулгандыгы такталган.

Кылмыштуу план боюнча аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтер катталгандан кийин турак-жай комплексин куруу пландалган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын алкагында жалпы наркы 300 млн сомду түзгөн 0,35 га муниципалдык участокторду мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыштуу схемага катышкан жактар аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмыштуу аракеттерге катышкан адамдар аталган жер тилкелерин мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17472