Садыр Жапаров "Унаа" агенттигинин жетекчисин жеке фондунан каржылап жүргөнүн айтты
RU

Садыр Жапаров "Унаа" агенттигинин жетекчисин жеке фондунан каржылап жүргөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ("Унаа"ишканасы) жетекчиси жана 10дой кызматкери кармалган. Айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелген кызматкерлер боюнча Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине пикирин билдирди.

Президенттин айтымында, "Унаа" ишканасына жаңы жетекчи дайындалат. Жаңы жетекчиге деле тапшырма жана талаптар коюлат, эгер ал да пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, ал дагы камаларын баса белгиледи.

"Биз эч кимди аябайбыз, бизге мамлекеттин келечеги керек. Айдоочулук күбөлүктөр сатылбасын деп президент болгон күндөн баштап эле айтып келем. 2020-жылга чейин 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле. Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да.

Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: "Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын", деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун.

Дароо айта кетейин - менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.

Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган "Унаанын" жетекчиси да бар эле", - дейт өлкө башчы.

Садыр Жапаров Рустам Жокоевди жөн эле камап жатышкан жокпу деп баарын өзү да териштирип көргөнүн, тилекке каршы, айдоочулук күбөлүк сатылганы ырасталганын белгиледи.

"Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан.

Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек.

Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз.

Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт!

Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек", - деди ал.

Садыр Жапаров "Унаанын" кызматкерлерине бир күндүк тыйынга кызыкпай, келечекти ойлоого чакырды.

"Силер, күбөлүк сатып аткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы?

Албетте, жок. Ошондуктан бир күндүк тыйынга кызыкпай, келечектеги урпактарыңарды да ойлой жүргүлө", - деп кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17514