Канададан алынган учак Таласка аба каттамын баштады. Сүрөттөр
RU

Канададан алынган учак Таласка аба каттамын баштады. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-сентябрда Талас аймактык аэропортуна Dash 8 Q-400 жаңы учак алгачкы каттамын жасады. Талас шаардык мэриясынан кабарлашкандай, биринчи каттам менен 50 жүргүнчү учту.

Маалым болгондой, Бишкек-Талас багыты боюнча билет 2200 сомдон сатылды.

Белгилесек, "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы буга чейин Ошко рейс жасап, 80 жүргүнчүнү ийгиликтүү жеткирген.

"Манас" аэропортунан жүргүнчүлөр көп болуп, авиабилеттерге болгон суроо-талап өскөнүнө байланыштуу Казарман, Раззаков багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17520