"Малдын жүнү жерде жатса аким иштен алынат". Айыл чарба министри эскертүү берди
RU

"Малдын жүнү жерде жатса аким иштен алынат". Айыл чарба министри эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун базасында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбор ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен белгилешкендей, борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.

Иш-чарада министр Бакыт Төрөбаев аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгилеп, мисал катары жүндү кайра иштетүү маселесине токтолду.

"Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз", - депди ал.

Белгиленгендей, демонстрациялык борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17542