Эмгек стажы кеминде 5 жылга жетпеген кыргызстандыктарга пенсия чегерилбейт
RU

Эмгек стажы кеминде 5 жылга жетпеген кыргызстандыктарга пенсия чегерилбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иш тажрыйбасы 5 жылга жетпеген кыргызстандыктар пенсиясыз калышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди.

Фонддун башчысы быйыл пенсия эки этап менен көтөрүлгөнүн - 1-июлдан баштап пенсиянын базалык бөлүгү, 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү жогорулаганын эске салды.

"1-октябрдан тарта бардык дайындалган пенсиялар 6900 сомдон төмөн болбойт. Минималдуу эмгек стажы азыр беш жыл деп кыскарталды. Буга чейин аялдардын 6 жылдык иш стажын жана эки гана баласын эске алчубуз. Реформадан кийин дагы бир бала кошулду, башкача айтканда стажы 9 жыл. Мындан тышкары жогорку билими бар болсо, бул беш жыл да иш стажы катары эсептелет. Эркектер үчүн аскердик кызмат да алардын эмгек стажына кирет. Муну менен бардык эле жарандардын беш жылдык тажрыйбасы болот деп ойлойм.

Эгер жалпы иш тажрыйбасы 5 жылга жетпесе, аларга карылык боюнча пособие берилет. Жөлөк пул республикалык бюджеттен Эмгек министрлиги тарабынан 2 миң сом өлчөмүндө берилет. Анын суммасы көтөрүлөбү, жокпу, мен жооп бере албайм", - деди ал.

Бактияр Алиев кошумчалагандай, пенсия белгиленген куракка жеткенде гана дайындалат – аялдарга 58 жаштан, эркектерге 63 жаштан баштап.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17572