"Асман Эйрлайнстын" учагы Баткенге алгачкы каттамын жасады
RU

"Асман Эйрлайнстын" учагы Баткенге алгачкы каттамын жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Асман Эйрлайнстын" учагы Бишкек–Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учак 4-октябрда Баткен шаарына конду.

Жаңы учак менен 80 жүргүнчү учту.

"Ата мекендик авиакампаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, өлкө борборунан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти", - дешет өкүлчүлүктөн.

Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак Баткен облусуна уча баштады. Мындан ары жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17579