Мамлекеттик оорукананын жетекчилерине жеке мекемеде иштөөгө тыюу салуу сунушталды
RU

Мамлекеттик оорукананын жетекчилерине жеке мекемеде иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутаттар - Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети - саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү, сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

"Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек", - деди Айсулуу Мамашова.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева учурда мамлекеттик ооруканалардын айрым медициналык кызматкерлери бейтаптарды жеке клиникаларга жөнөтүп, мамлекеттик ооруканаларда операцияны көпкө күтүүгө туура келерин, ал эми жеке клиникаларда ыкчам кызмат көрсөтүлөрүн айтып, ушундай жол менен өздөрүнө кардарларды тартышарын белгилеп, бул практиканы жоюу керектигин кошумчалады.

Андан тышкары эл өкүлү Эльдар Абакиров оорукана жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу керектигин айтып, ошону менен бирге алардын иштөө мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17595