Мэрдин орун басары накталай жол кирени эмнеге көтөрүү сунашталганын түшүндүрдү
RU

Мэрдин орун басары накталай жол кирени эмнеге көтөрүү сунашталганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган долбоорду талкууга чыгарды. Бул демилге сол чөнтөккө кетип жаткан каражаттарды бюджетке түшүүрүү максатында көтөрүлгөнүн вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Мэрдин орун басары Бишкекте күнүнө 1200дөн өйдө автобус каттамга чыгып жатканын белгиледи. Азыр "Тулпар" карталары менен жана Улуттук банктын QR коду аркылуу баардык банктын карталары менен жол кире 17 сом, накталай төлөм 20 сом экенин эске салды.

"Эмне үчүн талкууга чыгардык? Жол кирени накталай эмес, "Тулпар" картасы менен 17 сомдон жүрө бергиле деп жатабыз. Мисалы бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар (пересадка) ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр. Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели дедик. Бирок ак тилегибизди айлантып туруп, мэрияда келесоолор иштейт деп жазып жатасыздар", - дейт вице-мэр.

Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, автобустар талкаланып жатат. Буга накталай төлөм жүргүзүүнүн таасири бар экенин айтат.

"Автобустарды аяшпай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү мисалы, 1000 сомдук акча берип койсо майдалап, 20 сом алыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар.

Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө кетип, сол чөнтөкө солонуп кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар.

Андыктан талкууга активдүү катышып бериңиздер. "Тулпар" картаны ар бир айдоочуга да саттырып көрдүк. Алар таап жаткан нанын тарттыргысы келбейт жана карта сатпайт", - деп кайрылды мэрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17620