"Чолчоңдобоңуз!". Нурланбек Шакиев Нурдан Орунтаевди ордун билүүгө чакырды
RU

"Чолчоңдобоңуз!". Нурланбек Шакиев Нурдан Орунтаевди ордун билүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамкурулуш агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаевди өзгөчөлөнбөй, өз ордун билүүгө чакырды.

Белгилесек, бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчилигине нааразы болду. Эл өкүлү шайлоочулар менен жолугушууга Талас облусуна барып, андан кийин Көпүрө-Базар айылындагы ооруканага саламаттыкты сактоо министри менен барганын айтты. Иш-чарадан кийин Нурдан Орунтаевдин орун басары чалып, "Ал жакка эмнеге бардыңыз? Бизге жетекчибиз эмнеге киргизесиңер деди?" деп нааразы болду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жогорудагы окуя Мамкурулуштун чоң катачылыгы экенин, шылтоо издебей, моюнга алуу керектигин айтты.

"Нурдан мырза, "айтылган сөз атылган ок" дейт. Андай сөз болгондон кийин аны тиги жагынан, бул жагынан жымсалдоонун кереги жок. Болгонун болгондой айтыш керек. Бул сиз тараптан кеткен кечирилгис чоң ката. Бүгүнкү жыйынга да келбей, орун басарыңызды жөнөтүп, атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келдиңиз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү?

Сиз көп эркелебеңиз! Ар бир бийликтин учурунда эрке балдар болгон сизге окшогон. Көргөнбүз ошол эрке балдардын тагдыры аягында эмне менен бүткөнүн. Биринчи ушул эрке балдар жазаланат учуру келгенде.

Сиз мындай жүрүм-турумуңуз менен бүгүнкү бийликке көлөкө түшүрбөңүз. Кыргызда жакшы сөз бар "Эркелесең эркеле бирок чолчоңдобо" дейт. Чолчоңдобой жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй. Качан барууну, качан коюуну депутаттар өздөрү билет", - деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17621