Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанга барат
RU

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров түркмөн президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Президент Ашхабад шаарында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумуна катышат.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат", - дейт Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17633