"5 жыл бою өкүнүп калбагыла". Президент жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырат
RU

"5 жыл бою өкүнүп калбагыла". Президент жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады.

Белгилесек, үгүт кампаниясы эртең башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт.

"Урматтуу мекендештер! Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалганын билесиздер.

Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды. Буга жараша мандаттардын да саны азайды.

Административдик-аймактык реформанын өзү бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Мындан улам бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө маанилүү иш-чара экенин баса белгилейм.

Дегеле жергиликтүү шайлоо болобу же Жогорку Кеңешке шайлоо болобу, айтор, бардык шайлоолор элибиздин жана өлкөбүздүн 5 жылдык тагдырына түздөн-түз таасир этет", - дейт президент.

Жапаров белгилегендей, мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталат. Ошондуктан жергиликтүү кеңеш деп көңүл бурбай, кайдыгер карабоого чакырды.

"Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес.

Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла.

Мектеп, бала-бакча, жолдорду жана башка баардык соц обьектилерди мамлекет куруп беребиз. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт. "Кол ийрисине тартат" болбой, татыктууларын шайлаңыздар", - деди ал.

Президент шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпей турганын баса белгилеп, кимде-ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартыларын эскертти.

Садыр Жапаров 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо өтсө, андан киийн аз убакыт өтпөй эле резиденттик шайлоо болорун эске салды.

"Азыркы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна дагы, кийинки шайлоолорго дагы активдүү катышыңыздар. Мекенибиздин алдында атуулдук ар-намыс, милдетиңер катары шайлоого келип, татыктуу талапкерлерди тандап бериңиздер!

Беш жылда бир жолу шайлоого келип болгону жарым сааттык убактыңыздарды коротот экенсиздер. Ошол убактыңыздарды аябаңыздар. Анткени 5 жыл бою өзүңөрдүн, аймактардын, шаарлардын тагдырлары дал ушул депутаттар аркылуу чечилет. Ошондуктан милдеттүү түрдө ар бир шайлоого катышканды унутпаңыздар", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17700