ИИМ Нурлан Мотуевдин аракетине юридикалык баа берет
RU

ИИМ Нурлан Мотуевдин аракетине юридикалык баа берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Телефон алдамчылыгынын курмандыгы болгон жарандарга соцтармактан жардам берүүнү убада кылган Нурлан Мотуевдин аракетине Ички иштер министрлиги юридикалык баа берет. Бул тууралуу 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Мотуевдин ишмердүүлүгү боюнча маселени депутат Камила Талиева көтөрдү.

"Телефон алдамчылыгынан жабыр тарткандар укук коргоо органдарына кайрылып, бирок натыйжа болбогондуктан, мисалы, Нурлан Мотуевге кайрылган учурлар бар", - деди депутат.

Абдиев бул жагдайдан Ички иштер министрлиги кабардар экенин айтты.

"Нурлан Мотуевге байланыштуу материалды каттаганбыз, аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын иш-аракеттерине жакынкы арада толук юридикалык баа беребиз. Бирок жалпысынан анын жасаган иштери туура эмес. Ал жарандарга кантип жардам берет? Юридикалык кеңеш береби же карыз өндүрүү кызматын көрсөтөбү буга жакын арада юридикалык баа беребиз", - деп ишендирди Абдиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17722