Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгону айтылды
RU

Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгону айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын өкмөтчүл Hurriyet гезити FETO уюмунун лидери Фетхуллах Гүлендин АКШда каза болгонун жазып чыкты. Бул тууралуу маалымат Гүлендин чөйрөсүнө жакын Herkul сайты аркылуу таратылган.

Бир катар ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал кечээ, 20-октябрда Пенсильвания штатындагы ооруканада каза болгон.

CNN Turk каналы Гүлен акыркы жылдары бөйрөк жетишсиздиги менен, диабет оорусу менен жабыркап, эс-тутуму начарлап калганын жазат.

Түрк бийлиги Гүленди 2016-жылдын июлундагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыптап келет. Анда эки күнгө созулган тирештин кесепетинен 250дөн ашуун адам каза болуп, 2,2 миң жаран жабыркаган. Анкара АКШдан Гүленди экстрадициялоону кайра-кайра талап кылып, ошондой эле ФЕТОнун жактоочуларын Гүлен жоопко тартылмайынча куугунтуктай турганын билдирген. Түркияда Гүлендин тарапташтарына каршы операциялар үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн. Өз кезегинде Гүлендин тарапташтары өздөрүн коомдук, маданий жана билим берүү кыймылы катары көргөзүшөт.

Анкара Гүлендин тарапташтарын Кыргызстандан экстрадициялоо маселесин бир нече жолу көтөргөн. 2022-жылы Түркия парламентинин спикери өлкө "ФЕТО коркунучу боюнча Кыргызстандын позициясына канааттанганын" билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17751