Баткендеги абал. Дагы бир жашы жете элек бала ооруканага түштү
RU

Баткендеги абал. Дагы бир жашы жете элек бала ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган ок атышуудан дагы бир жаран жабыркады. Ал 11 жаштагы жергиликтүү тургун экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, саат 21:00гө карата Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборуна дагы бир бейтап түштү. Ал 11 жаштагы С.Н. ийининен жана жаагынан жаракат алган. Абалы орто оордукта.

Буга чейин:

  • 21 жаштагы Г. уулу Б. бейтапканага түшкөн. Диагнозу: баштын чач өскөн тарабы жарылуудагы сыныкчалардан сыйрылып кеткен. Абалы орточо оор.
  • 31 жаштагы И. кызы Б. оор абалда ооруканага жеткирилген. Диагнозу: бел тарабына атылган ок ич көңдөйүнө кирип кеткен. Ич көндөйүнүн ички кан агуусу. З-даражадагы травматикалык шок. Абалы өтө оор, тез арада операцияга алынган.

Дары-дармектер жана медициналык буюмдар, кан компоненттери жетиштүү санда бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн кошумчалады маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8379