Кызга кол көтөргөн кишини өлтүрүп салышкан. Жети шектүү кармалды (фото)
RU

Кызга кол көтөргөн кишини өлтүрүп салышкан. Жети шектүү кармалды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде эркек киши кызга кол салып, бирок ал өзү сабалып каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 17-октябрда саат 02:00дөр чамасында "102" кызматына "Чыгыш-5" кичи районундагы жергиликтүү мекемеден чалуу түшкөн. Телефон чалгандар киши каза болгонун айтышкан.

Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 30-35 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денесин табышкан. ШИИБдин кызматкерлери дароо кылмышка шектүү катары жети адамды: 1990-жылы туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 2000-жылы туулган С.У. жана 1998-жылы туулган А.А., 1992-жылы туулган А.Н. аттуу кыздарды кармашкан. Кармалгандар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилди.

Шектүүлөрдүн айтымында, мушташ чыгып кеткенден кийин ал кишини сабап, каза болгон. Маркум киши кыздардын бирин сабап, андан кийин аны башка жигиттер чогулуп сабашкан. Натыйжада ал ошол жерден каза болгон. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8927