Садыр Жапаров 124 миллион долларга жаңы ГЭСтин курулушун баштады (сүрөт)
RU

Садыр Жапаров 124 миллион долларга жаңы ГЭСтин курулушун баштады (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-октябрда Садыр Жапаров Нарын районун толук камсыздай ала турган Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

"Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу - биздин негизги милдеттерибиздин бири. Албетте, биз бул максаттар кагаз жүзүндө гана калбашы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жараткан тартуулаган кооз жаратылышты сактап, келечек муунга өткөрүп берүү маселелерин да эстен чыгарбайбыз. Учурда биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн ар кандай багыттарын изилдеп жатабыз. Алардын ичинен кичи ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда", - ал айтты.

"Алдыда кубаттуулугу 100 МВт болгон ГЭСти куруу максатыбыз бар. ГЭСтин курулушу аяктап, ишке киргизилгенден кийин жылына 450 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп ишенебиз. Муну менен, жалпы Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыз болот.

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда 800-1000 адамга жумуш орду түзүлөт. Ал эми толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу ишке алынат. 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 чакырым узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат. ГЭС Нарын дарыясынын жээгине, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айылдарынын аймагына курулат.

Курулушуна бүгүн капсула салган бул объект төрт жылдан кийин ишке кирет", - деди президент болочок ГЭС тууралуу.

Долбоордун жалпы баасы 124 миллион долларды түзүп, анын 88 миллион доллары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы баш болгон каржы институттарынын тобу тарабынан насыя катары берилээри белгиленген.

"Азыр жылына 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясы тартыш болуп жатат, суунун булагында турабыз, бирок аны колдонбой отуз жылдан бери бир дагы ГЭС кура элекпиз, азыр кура баштадык. Биз жалпы потенциалдын он пайызын гана пайдаланып жатабыз, дагы 90 пайызын, ошондо Борбор Азия өлкөлөрүнө эле эмес, Европа менен Кытайга да электр энергиясын сата алабыз, Кудай буюрса, максатыбызга жетебиз", - деди Садыр.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8977