"Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жерде унаа өрттөнүп, жигит каза болду
RU

"Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жерде унаа өрттөнүп, жигит каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Ак-Жол өткөрүү" пунктунун жанында жайгашкан кафесинин артында унаа күйүп кетти. ӨКМнын маалыматы боюнча, кырсык бүгүн, 3-июнда катталды.

Анда күйүүчү май куюп жаткан учурда унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 11:51де бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан.

Өрт саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 толук өчүрүлдү.

Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу каза болду. Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. жабыркап, "Тез жардам" менен шаардык №4 ооруканага жеткирилди. Маалыматка ылайык, жабырлануучу денесинен 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16286