7769 сом менен канча күн жашай аласыз? Жашоо минимуму деп белгиленген акча канчага жетет?
RU

7769 сом менен канча күн жашай аласыз? Жашоо минимуму деп белгиленген акча канчага жетет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын биринчи кварталына карата Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү 7769 сом 17 тыйынды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирген.

Биз "Ош базарында" болуп, жогорудагы суммага эмне сатып алса болорун жана шаардыктардан 7769 сомго сатып алынган азык-түлүк канчага жетерин билип көрдүк.

Редакция алгач "Ош базарындагы" биринчи керектелүүчү азыктарды бир киллограммдан эле эсептеп көрдү.

  • Кумшекер - 1 килограммы 80 сом
  • Ун - 1 мүшөгү 1800-2000 сом
  • Туз - 30 сом
  • Чай - 110 сом
  • Күрүч - 1 килограммы 200 сом
  • Макарон - 1 килограммы 200 сом
  • Суу май - 1 литри 150 сом
  • Картошка - 1 килограммы 80 сом
  • Пияз - 1 килограммы 30 сом
  • Сабиз - 1 килограммы 70 сом
  • Эт - 1 килограммы 700 сом

Ал эми бир адам бир ай жашаш үчүн канча килограмм азык-түлүк керектейт, өзүңүз эсептеп көрүңүз.

Бир жумага да жетпейт

Сурамжылоого катышкан жарандардын бардыгы 7769 сом эч нерсеге жетпей турганын айтышат. Алар бир адамдын жашоо минимуму деп белгиленген суммага бир ай жашоо мүмкүн эместигин белгилешти.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Улуттук статистика комитетинин эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимуму айына – 8 миң 669 сомду, пенсия курагындагылар үчүн – 6 миң 886 сомду, балдар үчүн – 6 миң 632 сомду түздү дейт.

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Нарын облусунда – 8 миң 124 сом, эң төмөнкүсү Ысык-Көл облусунда – 7 миң 195 сом болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16319