Сокулукта 18 жаштагы жигит бычакталып, ооруканага түшкөн. Шектүү катары чоң атасы кармалды
RU

Сокулукта 18 жаштагы жигит бычакталып, ооруканага түшкөн. Шектүү катары чоң атасы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда 18 жаштагы жигит бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектелип жабырлануучунун чоң атасы кармалды дешет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Милициянын маалыматы боюнча, 13-июнда саат 17:00 чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылында 1956-жылы туулган К.А. мас абалында небереси менен чырдашып, аны бычактап салган. Алган жаракатынан улам 2006-жылы туулган А.А. Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жеткирилген.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 1956-жылы туулган К.А`ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16377