Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга акча чогултуунун кажети жок экенин айтты
RU

Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга акча чогултуунун кажети жок экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ноокаттагы селге байланыштуу элге кайрылуу жасады. Ал социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө селдин кесепеттерин жоюу үчүн мамлекет болгон аракетин көрүп жатканын белгиледи.

"Кырсыкты жоюуга мамлекеттин бардык ресурстары жана жетиштүү каражаттары бар. Учурда Ош облусунун аймагында болгон жаратылыш кырсыгында каза болгондордун жакындары менен иш алып баруу, бузулган объектилерди калыбына келтирүү жана тазалоо иштери активдүү жүрүүдө", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, кырдаалды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штаб Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан координацияланууда.

"Зарыл болгон муктаждыктар мамлекет тарабынан уюштурулуп тезинен чечилүүдө. Ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар дагы тазалоо иштерине көмөктөшүп жатканын белгилейбиз. Мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат.

Албетте, мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Интернеттеги социалдык байланыш тармактары аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз.

Сиздерге кайрылганыбыздын себеби - ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал. Адам күчү, же техникасы менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болот", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16511